Site icon Reporter.kg

Кочкордо оор жүк ташуучу унаа тоголонуп кетти

Бүгүн таңкы саат 05:30 чамасында Кочкор районунун, Кум-Дөбө айылынын Кочкор-Ата тилкесинде “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине ӨКМнин 3 куткаруучусу ыкчам түрдө тартылып, унаадан жабыркаган 2 эркек кишини чыгарышкан. Жабыркагандар тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда бир жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат, ал эми экинчи жарандын абалы туруктуу.

Exit mobile version