Site icon Reporter.kg

Кочкордо Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөндүгүнүн бир жылдыгы белгиленип, куран окутулат

“Азаттыктын” белгилүү журналисти Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөндүгүнүн бир жылдыгына карата кичи мекени Кочкордо куран окутулат. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Ага экс-президент Роза Отунбаева баш болгон айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер жана кесиптештери катышат.

Белгилей кетсек, Эгизбаев каза болгондон кийин анын элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду түзүлдү. Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен маркумга «Эрдик» медалы ыйгарылды. Ошондой эле “Сорос — Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу менен Уланбек Эгизбаевге арналган “Чындык деп жанган өмүр” китеби кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрдү.

Эске салсак, 2018-жылдын 22-июль күнү Уланбек Эгизбаев 29 жаш курагында Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Акун» пансионатында эс алып жаткан учурунда көлгө чөгүп каза болгон. Маркумдун артында, ал көзү өткөндөн кийин төрөлгөн уулу калды.

 

Exit mobile version