Site icon Reporter.kg

Кочкордогу 100 га жердин мыйзамсыз берилиши. Дагы бир адам кармалды

Нарындын Кочкор айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси документтерди жасалмалоого шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-декабрда Теңдик айылынын тургундары Facebook аркылуу видеокайрылуу жасап, анда айылдын аксакалдары, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү жер мыйзамын бузуу фактылары боюнча маалымат беришип, ички иштер органдарына мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Бул кайрылуу 31-декабрда каттоого алынып, текшерүү иштери баштаган.

Жер боюнча укук бузуу фактыларын текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор райондук милициясынын тергөө кызматына 38 жаштагы А.О. аттуу тургун жеткирилген.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы жаран А.О. Кочкор айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси болуп туруп, аталган айылдын С.К., Ж.Б. жана А.Ы. аттуу үч тургунуна Кара-Жылга участкасында жалпы аянты 100 гектардан ашык (ар бири 35 гектардан) жайыт жерлерин өткөрүп берген. Аталган тилкедеги жайыттар 2022-жылдын февраль айында бир жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген, бирок ошол эле учурда бир дагы гектарга тиешелүү каражат төлөнбөстөн келишимдер түзүлгөн. Анын үстүнө тергөөчүлөр документтердин аныктыгына шектенген. Анткени жасалмачылыктын белгилерин байкашкан», — деп билдирет ИИМ.

Маалым болгондой, бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 105 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

5-январда Кылмыш кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү («Документтерди жасалмалоо») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ага байланыштуу А.О. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Андан кийин соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда. Бул кылмышка башка адамдардын тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган окуяга байланыштуу УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган.

Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version