Site icon Reporter.kg

Кочкордо күйөөсү аялын бычактап, андан соң өз жанын кыйды. Чоо-жайы

Кочкор районунда жолдошу аялына бычак менен кол салган окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-июль күнү саат 06:00 чамасында Кочкор районунун Кочкор айылынын 1989-жылы туулган Ш.Ж аттуу тургуну менен жолдошу — 1979-жылы туулган Э.Р үйүнөн өз ара уруша кетип, Э.Р аялын ашкана бычагы менен денесине кол  салган. Натыйжада Ш.Ж денесинен жаракат алып, Кочкор райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми Э.Рны  издеп табуу максатында  ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, 17-июль күнү  анын денеси Кочкор районунун Токой чарбасына тиешелүү бакчасынан  асынган абалда  табылган. Өлүккө сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери жок болгон. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Кочкор районунун тургуну аялын бычактап, андан кийин өзү асынып алганы тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирген.  

Exit mobile version