Site icon Reporter.kg

Кочкордун тургуну аялын бычактап, андан соң асынып алды

Кочкор районунда жергиликтүү тургун аялын бычактап, андан кийин өзү асынып алды. Бул тууралуу маалыматты ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйында аялдарга карата зордук-зомбулук маселеси боюнча суроого жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, окуя кечээ түнү болгон.

“Мага эртең менен телефон чалып айтышты. Кочкордун тургуну түнкүсүн аялын бычактап, андан кийин өзү асынып алыптыр”, — деди ал.

Ошондой эле, министр республиканын аймактарында 2 миң 435 участкалык милиционер аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш алып барып жатканын айтып, “милиционер күнү-түнү алардын жанында боло албайт экен. Анткени алар кылмыштуулук, мал уурулук, ошондой эле сел, көчкү жүргөн жерде жол жаап, жол кыймылын көзөмөлдөө сыяктуу дагы иш алып барышат”, — деди.

Exit mobile version