Site icon Reporter.kg

Көчмөндөр оюндары: Каракыз маарага үчүнчү келди

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күлүктөрдүн аламан жарышында Кыргызстандын Каракыз аргымагы маарага үчүнчү келди.

Күлүктөр 25 чакырымга жарышка түшүп, биринчи жана экинчи орунду казакстандык аргымактар ээледи. Үчүнчү орунга Каракыз татыды. Аны чабандес Нурэл Эселов чапты. Аттын ээси — Нурбек Керимбеков, саяпкери — Изат Сыргак уулу.

Үчүнчү орун үчүн 3 млн теңге (532,2 миң сом) байге коюлган.

Exit mobile version