Site icon Reporter.kg

Көчмөндөр оюндары: Казакстандык улакчылар Кыргызстанды калыстын жардамы менен жеңди (видео)

Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча мелдеште Казакстандын курамасы жеңүүчү болду.

Оюн бүгүн, 12-сентябрда Астанадагы «Казанат» ат майданында өттү. Финалда Кыргызстан менен Казакстандын курамалары мөөрөй талашты. Беттеш 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Оюндун негизги бөлүгүндө жеңүүчү аныкталбагандыктан, курамалар кошумча 10 мүнөт алтын салым салынганга чейин ойноду: кошумча убакытта биринчи салым салган команда жеңүүчү болуп саналат.

Алтын салымда казакстандык улакчылар салып, 5:4 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, бул беттеште калыс казакстандык оюнчуларга жан тартып, алардын эреже бузууларын да көз жаздымда калтырып жатты. Айрыкча эки команданын улакчылары жекеме-жекеге чыкканда, калыс казакстандык оюнчу улакка жакын турганда же аны эңип жатканда ышкырыкты жаңыртып жатты. Ал эми кыргызстандык оюнчу улакты эңип алса же эңе тургандай болуп калганда, оюнду токтотуп, жекеме-жекени кайра баштап жатты. Алтын салым салынганда да, ушул эле көрүнүш болду. Жекеме-жекеге чыккан кыргызстандык улакчы артты карап калганда, казакстандык оюнчу улакты эңгенден кийин калыс ышкырык жаңыртып, оюнду улантууга уруксат берди. Ошону менен казакстандык улакчылар салым салып кетти.

Көчмөндөр оюндары: Финалда казакстандык оюнчу кыргызстандык улакчыны камчы менен урду (видео)

Exit mobile version