Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык спортчулардын көчмөндөр оюндарындагы формасынын дизайны бекитилди

Bigser Sport компаниясы 2024-жылдын 8-13-сентябрында Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган кыргызстандык спортчулар үчүн параддык жана спорттук форманын дизайнын иштеп чыкты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Bigser Sport ата мекендик компаниясы тарабынан иштелип чыккан параддык жана спорттук форманын дизайнын жактырды. Бул долбоор Кыргызстандын спорттук делегациясын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга даярдоонун алкагында ишке ашырылды.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — биз үчүн чоң мааниге ээ болгон долбоор. Бул оюндарга негизделген убагынан бери катышып келебиз: курама командаларды, мелдештин түрлөрү боюнча командаларды форма менен камсыздап, улуттук спорттун түрлөрү үчүн атайын экипировкаларды иштеп чыгабыз», — деди Bigser Sport компаниясынын сатуу жана маркетинг боюнча директору Оксана Львова.

Форманы даярдоодо эл аралык стандарттарга туура келген, спортчулардын эркин кыймылдашына ыңгайлуу боло турган жогорку сапаттагы материалдар жана заманбап технологиялар колдонулган.

Форманын дизайнын түзүүдө улуттук колориттин болушуна өзгөчө көңүл бурулду.

«Бул эмгегибиз эл сынына коюла тургандыктан, Кыргызстандын маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу зарыл болгон. Дизайнда биз өлкөнүн ар бир тургуну үчүн сыйкырлуу мааниге ээ болгон жана тумар катары кабыл алынган аска-таш чиймелерине басым жасадык», — деп билдирди Bigser Sport компаниясынын өкүлү.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстанда Bigser Sport сыяктуу кыргыз маданиятын, сергек жашоо образын жайылтуу, Кыргызстандын атын эл аралык деңгээлде таанытуу үстүндө иштеген ата мекендик компаниялардын ишмердиги мамлекеттик деңгээлде колдоого алынууда.

«Биз Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясы жана башка өкмөттүк түзүмдөр менен активдүү кызматташып келебиз жана мамлекет улуттук бренддерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин көрүүдөбүз. Бул колдоо биз үчүн абдан маанилүү. Биз өлкөбүз жана кыргыз спорту үчүн бул кызматташууну өнүктүрүүгө даярбыз», — деди Оксана Львова.

Белгилей кетсек, Bigser Sport компаниясы Кыргызстандын улуттук олимпиадалык комитетинин, Казакстан Республикасынын улуттук олимпиадалык комитетинин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин өнөктөшү, ошондой эле спорт түрлөрү боюнча бир катар федерациялардын өнөктөшү болуп саналат.

Компания Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын улуттук командалары, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн командалары үчүн Олимпиада оюндары, Дүйнө чемпионаттары жана кубоктору, Азия оюндары, Дүйнөлүк студенттик оюндар, эл аралык «Азия балдары» оюндары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык жана клубдук өңдүү спорттук иш-чаралар үчүн спорттук форманын коллекцияларын түзүп, чыгарат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version