Site icon Reporter.kg

Көчөдө соода кылгандар да ККМ колдонууга милдеттендирилет

Экономика министрлиги көчөдө соода кылгандарды дагы көзөмөл-кассалык аппарат колдонууга милдеттендирүүнү пландоодо. Министрлик тиешелүү токтом долбоорду коомдук талкууга чыгарганын “Акчабар” каржы порталы жазды.

Документте жазылгандай, көчөлөрдө мөмө-жемиш, улуттук жана муздак суусундуктарды, сүт продукциясын, гезит-журналдарды жана башка товарларды саткандар кийинки жылдын 1-январынан тарта ККМ орнотуп, колдоно башташы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version