Site icon Reporter.kg

Токтоп турган «Тойота Камрини» уурдап кеткен шектүү кармалды

Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалганын Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-декабрда милицияга эркек киши кайрылган. Анын айтымында, түнкү саат 11лер чамасында Тоголок Молдо көчөсүндө токтоп турган “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган К.Д. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version