Site icon Reporter.kg

«Кофе ичип, душка түшсө болот». Кеминдеги заманбап кербен сарай

Кеминде RestPoint — заманбап кербен сарай ачылат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда анын курулуш жана тегерек-четин көктөндүрүү иштери дээрлик аяктап калган. Жакында эмеректер алынып келип, кербен сарай конокторду тосуп алууга даяр болот.

Кеминдеги RestPoint’те душ, туалет (анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн), намазкана, кофекана, сувенир саткан күркөө бар. Ал жыл бою иштейт.

RestPoint’ти заманбап кербен сарай деп айтууга болот. Байыртан Жибек жолундагы саякат учурунда жол жүргөн адамдар Таш-Рабат сыяктуу жерлерде эс алышкан. Эми андай жерлер заманбап атка жана көрүнүшкө ээ болуп отурат.

Бул кербен сарайда туристтер менен саякатчылар эс алууга, гаджеттерин же электр унааларын кубаттоого, өлкөдөгү кооз жана эс ала турган жерлер тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк алат. Аны менен бирге кофе ичип, душка түшүп алууга да болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстан боюнча аталган эс алуучу жайлардан 68ди салуу пландалган. Алардын алгачкылары Талас, Кара-Көл, Нарын, Кажы-Сай, Барпыда салынууда: курулушу дээрлик аяктап калган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version