Кой-Таш окуялары боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери маалымат жыйын өткөрөт

Кой-Таш окуялары боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери маалымат жыйын өткөрөт

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу маалымат жыйын өткөрөт.

«Кабар» маалымат агенттигинде саат 11:00гө белгиленген жыйынга Башкы Прокурор  Өткүрбек Жамшишов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Орозбек Опумбаев жана Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышат.

Белгилей кетсек, 7-8-августта Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди  кармоо операциясында жүздөн ашык адам жаракат алып, УКМКнын “Альфа” тобунун 6 жоокери барымтага алынып, бир офицер октон каза болгон.  “Адамды барымтага алуу”, “Массалык башалмандык уюштуруу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча бир нече адам камакка алынган.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>