Кой-Таш окуясы: 10 айыпталуучунун үй камагындагы мөөнөтү узарды

Кой-Таш окуясы: 10 айыпталуучунун үй камагындагы мөөнөтү узарды

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулар Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Рыспек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиев, Амангелди Какебаев, Фархат Баабиев, Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков, Асель Кодуранова жана Ирина Карамушкинанын үй камагындагы мөөнөтү эки айга узарттылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана Канат Сагынбаевдин баш коргоо чарасы алар башка ишке айыпталып жаткандыктан каралган эмес.

Сотто ошондой эле, Ирина Карамушкинанын жактоочусунун ишти караган судья Марат Сыдыковго ишенбөөчүлүк көрсөткөн өтүнүчү каралып, аталган өтүнүч канааттандырылган.

Бир фицердин өмүрүн алган Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтүн судья 2021-жылдын 11-январына чейин жылдыруу чечимин кабыл алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>