Кой-Таш окуясы: Алга Кылычев тергөө менен кызматташуудан баш тартты

Кой-Таш окуясы: Алга Кылычев тергөө менен кызматташуудан баш тартты

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучу Алга Кылычев өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. Бул тууралуу «Социал Демократтар» партиясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Кылычев тергөө кысымдары, коркутуулар, мажбурлоо жана кыйноолор жөнүндө айткан. КСДПнын Саясий Кеңешинин мүчөсү, «Дан» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору 2019-жылдын 9-августундагы Кой-Таш окуясында кармалган, андан кийин тергөө менен келишим түзүп, бошотулган.

Алга Кылычев 2020-жылы августта сот аркылуу тергөө менен кызматташуудан расмий баш тарткан. Бүгүнкү күндө Кой-Таш окуясына катышкан, тергөө менен кызматташкан адамдардын бардыгы дээрлик келишимдерден баш тартышты.

Жаңы бийликтен бул окуя боюнча акыйкат сот болот деп үмүттөнөрүн айтышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>