Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иштериндеги алдын ала угуулар 3-мартка жылдырылды. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Жолдубаеванын маалыматына ылайык, аталган иш боюнча алдын ала угуулар 3-мартка саат 16:00гө жылдырылды.
Буга чейин сот отуруму 2-мартта саат 09:30га белгиленген болчу. Кой-Таш окуясы боюнча 14 адам айыпталууда.