Site icon Reporter.kg

Кой-Таш окуясы: Сот процесси жабык өтөт

Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс жабык өтө баштайт. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, соттук процесс жабык өтө баштай турганын сот бүгүн, 10-авгутсттагы отурумда билдирген. Замир Жоошев соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

«Бүгүн сот Кой-Таш окуялары жабык режимде караларын билдирди. Эки кун мурда процесс ачык болорун айткан. Мыйзамсыз чечим», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, 8-августта өткөн отурумда прокурор соттук жараянды жабык өткөрүүнү сураган. Сот айыпталуучу жана жактоочулардын пикирин уккандан кийин отурумдар ачык болорун, бирок айрымдары жабык өтөрүн билдирген.

Кой-Таш окуясына быйыл үч жыл толду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган. Учурда бул ишти Биринчи май райондук соту карап жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version