Кой-Таш окуясы: Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы туруктуу

Кой-Таш окуясы: Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы туруктуу

Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аталган министрликтин маалыматы боюнча, Курманкуловдун дарылануусу жана ден соолугун калыбына келтирүү уланат. Анын дарылануусу болжол менен ушул жылдын март айынын аягына чейин созулат.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Самат Курманкуловдун башынана таш тийген.

Кыргызстанда анын башына эки жолу операция жасалып,  абалы өзгөрбөгөн соң Москвадагы Бурденко атындагы борборго жиберилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>