Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мөөнөтү 20 күнгө узартылды

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мөөнөтү 20 күнгө узартылды

Бүгүн, 23-сентябрда Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия өкмөт үйүнө кезектеги жыйыны болуп өттү.

Бүгүнкү жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова көрсөтмө берүү үчүн чакырылган. Бирок алар келген жок. Комиссиянын төрагасы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алар комиссиянын жыйынына келүүдөн баш тартканын жана бул алардын жеке чечими экенин билдирди.

Коомдук ишмер, комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков Карамушкина менен Кодуранованын жыйынга келүүсүн камсыз кылуу керектигин айтып, Жогорку Кеңештин төрагасына «алардын комиссияга келишин камсыз кылып бериңиз» деп кат жазышыбыз керек деди.

Жыйынтыгында Жеңиш Разаковдун атынан Жогорку Кеңештин төрагасына 25-сентябрда Кодуранова менен Карамушкинаны комиссиянын сурагына келүүсүн камсыз кылып берүү тууралуу кат жазыла турган болду.  Алар мыйзамдарга баш ийбесе укук коргоо органдарына кайрылуу сунуштар дагы айтылды.

Ал эми бүгүн Аскер прокуратурасынын маалыматы угулду.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия 26-сентябрда жыйынтык чыгарышы керек болчу. Бирок дагы иликтене турган материалдар көп болгондуктан комиссиянын жыйынтыгын чыгаруу мөөнөтү 20 күнгө узартылды.Тактап айтканда, 15-октябрда эң акыркы корутунду чыгат.

Иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>