Site icon Reporter.kg

«Теплые ключи» эс алуу жайында колу бутун таңып, асып кетишкен адамдын аты-жөнү такталды (абайлаңыз сүрөт)

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Теплые ключи», эс алуу жайынын аймагында колу буту таңылып, асылып турган жеринен табылган адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Ага ылайык, маркум 19 жаштагы О.Э. аттуу Нарын облусунун тургуну болгон. 

Ошондой эле маалыматта бул ишти облустук милициянын жетекчилиги өз көзөмөлүнө алганы, тийиштүү ыкчам-аракеттер көрүлүп жатканы айтылат.   

Белгилей кетсек, 21-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Теплые ключи», эс алуу жайынын аймагында колу буту скотч менен байланып, даракка асылып турган жаш жигиттин жансыз денеси табылган болчу.

[su_image_carousel source=»media: 49148,49149″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version