Көк бөрү боюнча “Жеңиш кубогу” мелдешинин финалына чыккан командалар аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 9-Май — Улуу Жеңиш күнүнө карата улуттук ат оюндары, анын ичинде улак тартыш боюнча Чолпон-Атадагы ай майданда өтүүдө.
Көк бөрүдөн финалга жогорку лигадан «Ынтымак» менен «Сары-Өзөн» командалары, биринчи лигадан «Талас» менен «Ысык-Ата» чыкты. Ошондой эле, экинчи лигадан «Казарман» менен «Толук», легендалар лигасынан «Манас-Талас» менен «Талас» командалары финалда күч сынаша турган болду. Алардын беттештери 9-майда өтөт.
8-майда боло турган оюндардын программасы:
Экинчи лига:
— 09:00 — «Бүркүт» — «Бийиктик» (3-орун үчүн);
— 10:00 — «Казарман» — «Толук» (финал);
Легендалар лигасы (40 жаш):
— 12:30 — «Сары-Өзөн» — «Биримдик Ысык-Көл» (3-орун үчүн);
— 13:35 — «Манас-Талас» — «Талас» (финал).
Биринчи лига:
— 14:40 — «Кара-Кулжа» — «Алтын-Альянс» (3-орун үчүн);
Жогорку лига:
— 15:45 — «Мурас» — «Ийгилик» (5-орун үчүн);
— 16:50 — «Достук» — «Намыс» (3-орун үчүн).
Оюндарды УТРК Спорт телеканалынан түз ободо көрсөңүздөр болот.