Site icon Reporter.kg

Көк бөрү: “Ынтымак” командасы чемпион болду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык Нооруз-2022 турниринде Ынтымак командасы  4:1 эсеби менен Сары-Өзөндү жеңди.

«Ынтымак» командасынан Майрамбек Рыспеков 2 улак,  Өмүрбек Эсен уулу жана Кушчубай Илис уулу бирден улак салып, утушту камсыздашты.  Ал эми «Сары-Өзөн»  командасынын оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу бир улак салганга үлгүрдү.

«Ынтымак» командасы чейрек финалда «Мурасты» 8:0 эсебинде жеңип, жарым финалда «Достукту» 2:0 эсеп менен утуп алган эле.

Exit mobile version