Site icon Reporter.kg

Көкпардын финалы: Кыргызстан курамасынын жетекчисин Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери коркуткан (видео)

Астанада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча мелдештин финалындагы беттеш учурунда Кыргызстан курамасынын жетекчиси Эрлан Абдыкапаровду Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери коркуткан. Бул тууралуу ал УТРКга финалдагы оюн тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

Абыдкапаров оюн мынчалык калыссыз болорун ойлобогонун айткан.

«Адилетсиздик болорун билгенбиз, бирок мынчалык болорун ойлогон эмеспиз. Калыстар бизди сөгүп жатты. Полициянын атайын багыттагы кызматкерлери келип, улакчыларды сабап жатты. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери келип, күбөлүгүн көрсөтүп, «сен элди бөлүп жатасың» деп сүрөткө тартып, коркутуп кетти, кысым болду. Бирок ага карабай «оюнду таза карап беребиз» дегенинен оюнга чыкканбыз.

Оюндун экинчи бөлүгүндө жекеме-жекеге чыкканда, биздин бала артка караганда, калыс тиги оюнчуга (казакстандык улакчыга – ред.) «кир» деп улакты эңдирип, 4 жолу салым салдырды. Чечүүчү салымды да ошентип салдырды», — деди ал.

Эрлан Абдыкапаров кыргызстандык улакчылар жеңишке жетүү үчүн бардык күчүн салып оюн көрсөткөнүн белгиледи.

«Мен үчүн ушул 12 жигит чемпион», — деди ал.

Көчмөндөр оюндары: Казакстандык улакчылар Кыргызстанды калыстын жардамы менен жеңди (видео)

Exit mobile version