Кол алдындагы кызматкерге ок чыгарган жетекчиге карата териштирүү башталды

Кол алдындагы кызматкерге ок чыгарган жетекчиге карата териштирүү башталды

Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматындагы жетекчилердин бири кол алдындагы кызматкерге ок чыгарды. Маалыматты Reporter.kg`ге аталган мекемеден тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя кокустуктан улам болгон. Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү иштери Бишкек шаардык милициясы тарабынанан жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>