Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү “Таранчы” каймана аты менен белгилүү Н.Н.К. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына салык салуу аракетин көргөн. «Таранчы» акча опузалоого шектелүүдө.
УКМК Н.Н.К.нын кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чеккен жарандардын кайрылуусун өтүнөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз