Site icon Reporter.kg

Көлбаевге таандык Каракол лыжа базасынын жанындагы жер мамлекетке өттү

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаевге таандык 2 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, жер тилкеси «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында, лыжа базанын жанында жайгашкан. Баасы 10 миллион сомго барабар.

Маркум кримтөбөл ал жерге туристтик база куруу үчүн мыйзамсыз ээлик кылып алгандыгы айтылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version