Site icon Reporter.kg

Көлдө жергиликтүү депутаттарды уурдап, кысым көрсөтүшкөн. Көлбаевдин туугандары кармалды

Ысык-Көл облусунда кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин туугандары Ж.Э.А. жана Ж.С.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп, жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын дагы уурдап, коркутуп келишкен.

Алар адам уурдоо шеги менен Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version