Site icon Reporter.kg

Колдонулган катализаторлорду тышка сатууга тыюу салынды

Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын өлкө аймагынан ташып чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Аталган чечим Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Exit mobile version