АКШнын Колорадо аймагындагы Боулдер шаарындагы супермаркетте атыш чыгып, анын кесепетинен 10 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, окко учкандардын арасында 1 күч түзүмдөрүнүн өкүлү бар.
“Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтабыз. Он киши каза болду”, — деген жергиликтүү полициянын жетекчиси Марис Херольд.
Ал эми кылмышкка шектүү кармалган. Ал дагы атышуу учурунда жаракат алганы айтылат.