Site icon Reporter.kg

Коммерциялык банктарда рублдун сомго карата курсу өсүүдө

Бүгүн, 22-июнда коммерциялык банктардын кассаларында рублдин сатуу курсу 1,50 сомго, сатып алуудагы баасы 1,35-1,36 сомго чейин жогорулады.

Белгилей кетсек, акыркы бир айда орус рублинин сомго карата курсу бекемдөө тенденциясы байкалган.

Акыркы жолу рубль 2014-жылдын июль айында 1,5 сомдон сатылган.

Америка доллары учурда сатып алуу 79-80, ал эми 80-81 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 1 доллар 79,505 сом, 1 рубль 1,4279 сомду түздү.

Exit mobile version