Комендант Орозалиев: 25-марттан бери кылмыштуулук 300%га төмөндөдү

Комендант Орозалиев: 25-марттан бери кылмыштуулук 300%га төмөндөдү

Өзгөчө абал режими киргизилген 25-марттан бүгүнкү күнгө чейин коомдук жайларда кылмыштуулук 300%га төмөндөдү. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

“Бул мыйзамга баш ийген жарандар өзүн-өзү изоляцияга алуу режиминде болгондугуна байланыштуу, биз коомдук жайларда дээрлик кылмыштарды каттаган жокпуз. Бирок гуманитардык фонддордун атын жамынып, гумжардам көрсөтүүдө алдымчылык учурлары катталды”, — деди комендант Орозалиев.

Белгилей кетсек,  25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

15-апрелде өзгөчө абалдын убактсы 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>