Site icon Reporter.kg

Комитет президенттин каршы пикирине макул болду

Бүгүн тармактык комитет президенттин Укук бузуулар жөнүндө кодексине каршы пикири менен макул болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Укук коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «КРнын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга президенттин каршы пикирин карады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн түшүндүрмөсүндө белгилегендей, ал кодекстин демилгечиси катары президенттин каршы пикирине макул болгонун билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороевдун пикиринде, президенттин каршы пикирлеринде кодекстин айрым ченемдерин кайра карап чыгуу сунушталган, буга байланыштуу кодекстин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү зарыл. Талкуунун жыйынтыгында комитет президенттин каршы пикирине макул болду

Exit mobile version