Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда каралды.
Мыйзамга ылайык, көзү ачык, бүбү-бакшыларды телерадио, интернет сайт, социалдык тармактар (ж.б.) аркылуу жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда.
Депутаттар талкуудан кийин мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.