Коммерциялык банктарда доллар эмне үчүн расмий курстан төмөн сатылып жатат? Улуттук банктын жообу

Коммерциялык банктарда доллар эмне үчүн расмий курстан төмөн сатылып жатат? Улуттук банктын жообу

Расмий курс менен рыноктук курстун ортосундагы айырмачылык дүйнөлүк практикада дагы кездешет. Бул тууралуу Улуттук банк билдиргенин «Акчабар» жазды.

«Бул айырмачылык рыноктун ликвиддүүлүк деңгээлине, чет өлкөлүк валютага суроо-талаптын жана сунуштун тең салмактуулугуна байланыштуу болот. Айрым учурларда ал өйдө да, төмөн  да өзгөрүшү мүмкүн», — деп белгилешти Улуттук банктан.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, спот биржасы жана башка рыноктук алмашуу курстары сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда эркин аныкталат. Тактап айтканда, накталай рынокто, ошондой эле банктар аралык валюта рыногунда чендер чет өлкө валютасына суроо-талапка жана сунушка жараша белгиленет.

Эске сала кетсек, кечээ доллардын официалдуу курсу 0.72% төмөндөп, 81.2 сомду түзгөн. Муну менен катар коммерциялык банктарда америка валютасы 80.9 сом менен сатылып жатты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>