Site icon Reporter.kg

Коммерциялык банктарда доллардын курсу көтөрүлүп кетти. Буга эмне себеп болууда?

Коммерциялык банктарда доллардын курсу көтөрүлүп кетти. Азыркы учурда бир америка валютасы 81.9-82.5 сом менен сатылууда. Бул тууралуу «Альянс» акча алмаштыруучу жайлардын бирикмесинин өкүлү Туман Болотбеков билдиргенин «Акчабар» финансылык порталы жазды.

Ал доллардын наркынын өсүшү бир топ тышкы факторлорго байланыштуу (мисалы, рублдун наркынын жана мунайга болгон баанын төмөндөшү) экенин айтты.

«Орусияда доллардын азыркы учурдагы курсу 80 рублду түзүүдө. Brent мунайынын баасы дагы 4 $ төмөндөдү. Андан сырткары, АКШ президентинин шайлоосу болот. Бул тышкы фактордун бардыгы тең валюта рыногуна өз таасирин тийгизбей койбойт. Себеби, биздин  көпчүлүк эмгек мигранттар Орусияда», — деп билдирди эксперт.

Эске салсак, 29-октябрда Улуттук банк доллардын курсун төмөндөтүү максатында 42.4 млн доллар сатып, ири интервенция өткөргөн. Бирок доллардын курсу төмөндөгөн эмес.

«Менин түшүнгөнүмө караганда, Улуттук банк долларды эркин жүгүртүүгө коё берди. Демек, жакын арада эч кандай интервенциялар болушу мүмкүн эмес. Себеби, бул улуттук валютага чоң сокку алып келет. Бизде алтындын резервдери анчалык көп эмес», — деп кошумчалады Болотбеков.

Ал эми учурда коммерциялык банктарда евро 96.3 —  97.1 сом менен сатылууда.

Exit mobile version