Коммерциялык эмес уюмдарга карата басым. Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу парламенттик угуудагы сунуш-пикирлер

Коммерциялык эмес уюмдарга карата басым. Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу парламенттик угуудагы сунуш-пикирлер

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу.

Талкуу маалында аталган мыйзам долбоорун колдоп чыккандар да, каршы болгондор да болду. Жыйында айтылгандай, Кыргызстанда ар кандай баалуулуктарды пропагандалаган коммерциялык эмес уюмдар иш алып барат. Бири улуттук, башкалары батыш жана башка жактардын баалуулуктарын карманып, түрдүү булактардан каржыланышат. Тагыраагы, кээ бири ички донорлордон, кээ бири чет өлкөлөрдөн камсыздалат.

«Тилекмат-аке»фондунун өкүлү коммерциялык эмес жана мамлекеттик эмес уюмдар дайыма мамлекеттик органдардын ачык-айкын иш алып барышын талап кыларын, бирок өздөрүнө келгенде каршы турарына токтолсо, «Элет көйгөйү»коомдук бирикмесинин өкүлү: «Каржы булагын жашыруунун кереги эмне? Биз 1800 айылда иш алып барабыз, бирок каражаттарыбызды жашырбайбыз. Бул мыйзам долбоору мамлекеттик эмес уюмдарга карата калктын ишенимин жогорулатып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөсүнө жол ачат», — деди.

Парламенттик угуунун катышуучулары Кочкорбек Жуманазаров менен Бейшенбек Абдыразаков мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылчылыгын белгилешип: «Эгемендүүлүк алган жылдардан бери мамлекеттик эмес уюмдар миллиарддаган гранттарды алышты. Бирок кайтарымсыз эч ким акча бербейт да. Ар бир коммерциялык эмес уюмдун өзүнө тиешелүү максаты жана алган тапшырмасы бар. Андыктан мамлекеттин бүтүндүгү үчүн мыйзамды сөзсүз кабыл алуу шарт», — дешти.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев өзүнүн уставынын негизинде иштеген коммерциялык эмес уюмдар бар, бирок өлкөдөгү саясий турмушка жигердүү аралашкандары да жок эмес экенине токтолуп: «Бул шайлоо маалында өзгөчө байкалат. Эч ким гранттарды алууга каршы эмес, анткен менен калк алар кайда жумшалып жатканын билиши керек»,- деп кошумчалады.

Коомдук ишмер Надира Нарматова болсо мыйзам долбоорундагы чараларды катаалдаштырып, «чет элдик агент» түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады.

«Адилет» коомдук уюмунун өкүлү Искендер Какеев мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу зарылчылыгын белгилеп: «Биз өз сунуштарыбызды жазуу жүзүндө жөнөткөнбүз», —деди.

Юстиция министрлигинин Коомдук кеңешинин өкүлү Айнура Осмоналиева мыйзам долбоору министрликке жаңы ыйгарым укуктарды берерин, ага ылайык кошумча штаттык бирдиктер жана каражат талап кылынарын айтып, өзгөртүүгө каршы чыкты. Ал эми министрликтин өкүлү бул Айнура Осмоналиеванын жеке пикири экенин кошумчалады.

2005-жылдан бери жарандык сектордо иштеп келе жатканын айткан «Данко» коомдук уюмунун өкүлү Нурбүбү Керимова: «Мыйзам долбоору биздин укугубузду бузат. Бул коммерциялык эмес уюмдарга карата жасалган кошумча басым»,- деди.

Ошондой эле жыйында жарандык сектордун өлкөдөгү маанилүү ролуна токтолгон Кыргызстандагы БУУ системасынын туруктуу координатору Озонниа Ожиело пандемия шартында калктын аялуу катмарына алгылыктуу көмөк көрсөтүү үчүн коом биргелешиши керектигин белгиледи. Андан тышкары мыйзам долбоорун жарандык сектордун жана серепчилердин катышуусунда талкуулоо зарылчылыгын кошумчалады.

Ал эми «Парламенттик угууга бардык тараптардын катышуусу демократиялык өлкөлөрдө мыйзам долбоору кандай талкууланарын көрсөтүүдө», — деген Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр: «Кыргызстанда жарандык коом жигердүү. Мыйзам долбоору алардын ишин татаалдантпайт деген үмүттөмүн», — деп билдирди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>