Компьютердик клубдарга барбагыла! Бишкек мэриясы түндө баскан өспүрүмдөргө рейд жүргүзүүдө — сүрөттөр

Компьютердик клубдарга барбагыла! Бишкек мэриясы түндө баскан өспүрүмдөргө рейд жүргүзүүдө — сүрөттөр

Бишкек мэриясы шаар көчөлөрүн күнү-түнү кыдырып, кайыр сурап, зордук-зомбулукка кабылган же жумушка аргасыз болгон балдарды издеп, табууда. Бул тууралуу калаа бийлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Биринчи Май Акимиаты райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түнкү рейд өткөрүштү.

«Негизги көчөлөрдү, интернет клубдарды, соода жана көңүл ачуу комплекстерин текшерип чыктык. Тилекке каршы, Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишиндеги Dota Club компьютердик клубунан төрт өспүрүмдүн өздүгү аныкталды. Бардык балдар ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди, актылар түзүлдү.

Ар бир бала жана алардын ата-энелери, камкорчулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, Биринчи Май райондук тейлөө борборунун үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери иш жүзүндө жашаган жерине саякат жасап, жашоо шарттар боюнча актыларын түзүштү», — деп жазылат маалыматта.

[su_image_carousel source=»media: 50669,50670,50671,50672,50668″ crop=»none» autoplay=»4″]

Балдардын түнкүсүн чоңдордун коштоосусуз кечки саат 10.00дөн таңкы саат 6.00гө чейин сыртка чыгуусуна тыюу салынат.

Калаа бийлиги ата-энелерден балдарына көңүл буруусун суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>