Комсомол чокусунан бутун кокустатып алып, түшө албай калган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кечээ, 1-июнь күнү «Ала-Арча» жаратылыш паркында 35 жаштагы жаран Комсомол чокусуна жүрүш жасап, кайра келе жатканда бутун оорутуп алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМнын куткаруучулары жабырлануучуга өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан кийин коопсуз аймакка эвакуациялап, тоодон алып түшүшкөн.