Site icon Reporter.kg

Конгантиев Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Автандил Конгантиев Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Атайын буйрукка Акылбек Жапаров кол койгонун аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-июль күнү Финансы министр  Алмаз Бакетаев Конгантиевди эмгек жамааты менен тааныштырды.

Бажы кызматынын полковниги Автандил Конгантиевдин эмгек жолу:

2005 — 2006 — «Манас» бажысынын бажы контролу бөлүмүнүн инспектору

2006 — 2014 — «Северная» темир жол бажысында бажылык тариздөө бөлүмүндө ар кандай кызматтарда кызмат өтөгөн

2014-2016 — Борбордук бажынын «Бишкек» СЭЗинин Бажы процесстери борборунун бажылык тариздөө тобунун башкы инспектору

2016 — 2017 — «Ош» бажысынын башчысынын орун басары

2017 — 2018 — «Северная» темир жол бажысынын начальнигинин орун басары.

04.06.2018 — 24.08.2018 — Түндүк-Чыгыш бажысынын «ЖД Северная» бажы башкаруу борборунун бажылык тариздөө тобунун башкы инспектору

2018-2019 — «Северная» темир жол бажысынын начальнигинин орун басары.

2019 — 2020 — «Манас» бажысынын башчысынын орун басары

2020 — 2021 – ж.ж. «Манас» бажысынын башчысы

2021-2022-жылдары — «Северная» темир жол бажысынын башчысы

26.05.2022-06.08.2022 – Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу

06.08.2022 — 28.07.2022 — Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары

Exit mobile version