Site icon Reporter.kg

Коңшу өлкөдөн аткезчилик жол менен унаа ташыган киши кармалды (ВИДЕО)

Коңшу өлкөдөн контрабандалык жол менен унаа алып келген киши кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-март күнү УКМК тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районунун Достук айылынын А.Д. аттуу тургунунун башкаруусунда, чек арадан алып өтүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү документтери жок “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.

Сурак учурунда унаанын ээси А.Д. бул машинаны коңшу мамлекеттин жаранынан алганын айтып, автотранспортко укукту аныктоочу документтери жок экенин тастыктаган.

Аталган факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 29-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иш козголгон.

Белгилей кетсек, келип түшкөн маалыматтар боюнча, буга чейин ондогон автоунаалар Кыргызстандын аймагына ушундай эле жол менен бажы жана башка төлөмдөрдү төлөбөстөн алынып келинген, алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке 4,5 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.

Азыркы учурда бул багытта кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Exit mobile version