Конститиуцялык кеңештин жыйыны дүйшөмбүгө жылды

Конститиуцялык кеңештин жыйыны дүйшөмбүгө жылды

Бүгүн, 21-ноябрда Улуттук илимдер академиясында Конститиуцялык кеңештин жыйыны болмок.

Кеңештин мүчөлөрү уюштуруу маселелери боюнча талашып-тартышып, ишти баштай албай коюшту.

Кеңештин айрым өкүлдөрүнүн айтымында, элдин пикирин эске алуу керек. Тактап айтканда, коомдук сунуштарды жарнамалап, алар сунуштарын жөнөтүшү керек.

Депутат Умбеталы Кадыралиев белгилегендей, уюштуруу маселелери чечилиши керек, бирок жумуштун эсебинен эмес.

«Кечээ биз дагы бир саат бою бир нерсени талкууладык, бирок бул учурларды уюштуруу комитети чечиши керек. Баштайлы», — деди ал.

Бирок 1 сааттан ашык убакыт бою кеңешменин мүчөлөрү жыйынды баштай алган жок. Буга айрым мүчөлөрдүн Конституциянын жаңы редакциясынын автору ким жана ал дагы жыйынга катышсын деген талаптары себеп болду. Мындан улам жыйын токтотулуп, дүйшөмбү күнгө калтырылды.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши өлкө Конституциясынын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда, Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Жаңы долбоорго президенттин кеңейтилген укуктары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>