Конституциялык палатанын төрагасы болуп Карыбек Дүйшеев шайланды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
Дүйшеевдин орун басары болуп Эмил Өскөнбаев, катчы-судьялыкка Мээргүл Бобукеева бекитилди. Ал эми аталган палатанын төрагасы буга чейин Эркинбек Мамыров болчу. Палатанын жетекчилиги конституциялык мыйзамдын жоболоруна ылайык үч жылга шайланат.