Site icon Reporter.kg

Конституция күнүнө карата ачык асман алдында концерт уюштурулат

Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата Бишкек шаарында ачык асман алдында концерт өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чара 2025-жылдын 5-майында саат 18:30да борбордук Ала-Тоо аянтында, оргумалардын (фонтан) жанында өткөрүлөт.

Кечеде классикалык музыка жаңырып, көрүүчүлөргө Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри өз өнөрүн тартуулайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version