Конституциялык палата: Парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдыруу Конституцияга каршы келбейт

Конституциялык палата: Парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдыруу Конституцияга каршы келбейт

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку соттун Конституциялык палатасы парламенттик кайра шайлоону белгисиз мөөнөткө токтотулганы боюнча анын мыйзамга каршы келеби же жокпу деген маселени карашты.

Анда Конституциялык палата Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдыруу  Баш мыйзамга каршы келбейт деп чечим чыгарды.

Чечимди палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев угузду.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» конституциялык мыйзам Конституциянын 2, 3, 5, 16, 20, 52, 70, 71 жана 80-беренелерине каршы келбейт деп таанылсын. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт».

Парламенттик кайра шайлоону убактылуу токтоткон мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо тууралуу арыз менен Конституциялык палатага ”Реформа” саясий партиясы жана активисттер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев кайрылышкан. Алар парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө калтырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтышкан.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон 13 саясий партия митингге чыгып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>