Site icon Reporter.kg

Чет өлкөгө иш сапарга туугандарын жөнөткөн. Конституциялык соттун жетекчилигине иш козголду

Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Өскөнбаев чет өлкөгө иш сапарга келген чакырууларга кызматкерлерин эмес, өзүнүн туугандарын жөнөтүп турган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Коопсуздук комитети Эмил Өскөнбаевге жана Конституциялык соттун бир катар жооптуу кызматкерлерине “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” айыбы менен иш козголгонун белгилейт.

УКМК  Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Конституциялык соттун мурдакы аппарат башчысы Марат Жаманкулов жана азыркы аппарат башчысы (мурдакы эл аралык байланыш бөлүмүнүн жетекчиси) Каныбек Масалбековдун чет өлкөдө эс алуу учурунда түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version