Конституциянын жаңы долбоору парламентке келип түштү — видео

Конституциянын жаңы долбоору парламентке келип түштү — видео

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда төрага Талант Мамытов Конституциянын жаңы долбоору парламентке келип түшкөнүн айтты.

Депутат Дастан Бекешев Мамытовго Конституциянын жаңы долбоору депутаттарга качан таратылып берилерин сурады.

Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөтүшкөнүн айтышты, депутаттарга эртерээк берип койсоңор болмок, биз окуп чыкканга жетишели. Мыйзам долбоорлору тууралуу массалык маалымат каражаттарынан гана окуп жатабыз. Мыйзам долбоорлорунун электрондук вариантын болсо да, депутаттарга эртерээк бергиле.

Конституциялык кеңешме Башмыйзамдын жаңы долбоорун 27-январда кабыл алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>