Site icon Reporter.kg

Контейнер мектеп чуусу: Жаңы мектептин кире бериши унутулуп калган

Нарын районуну Кеңеш айылындагы чуулу контейнер мектептин ордуна жаңы мектеп салынып анын кире беришин такыр унутулуп калыптыр. Мындан улам кайрадан аны салыш үчүн 3.5 млн сомго тендер 10-сентябрь күнү жарыяланган.

Ал тендер Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылып жатканы мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыкка чыккан.

Жаңы мектептин кире бериши мурунку архитектуралык планга кирбей калгандыгы ачык маалыматтарда жазылган.

Окуу 15-сентябрда башталат. Тендер 10-сентябрда жарыяланган. Мектеп 58,2 млн сомго «ЭМГ-Строй» курулуш компаниясы курууда.

Exit mobile version