Site icon Reporter.kg

Контрабанда: 300 миң сомдук товары менен колго түштү

Баткен облусунун Чоң-Талаа айылынын Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет жасаган жаранды колго түшүрдү. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, Баткен чек арачылары Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган 7 мүшөк кийим, баасы 300 миң сомдук товары менен 36 жаштагы кыргызстандыкты кармады.

Жүк жана кармалган киши тиешелүү күч органдарына берилди. Алар андан ары иликтөө иштерин жүргүзөт.

Exit mobile version