Site icon Reporter.kg

Контрабанда менен Тажикстанга көмүр ташыгандар кармалды

Кармалгандар Кыргызстандан Тажикстанга эч кандай уруксат кагаздары жок 15 тонна көмүр алып бараткан. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматт айтылгандай, УКМК га караштуу Чек ара кызматынын өкүлдөрү Баткен облусунун Лейлек районундагы Майты айылында «Мерседес» жана MAN үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унааны токтоткон. Айдоочулар качып кетүүгө аракет кылып, чек арачылардын эскертүү ирээтинде аткан огунан кийин токтошкон.

Айдоочулар жана жүк тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version