Site icon Reporter.kg

Коомдук ишмер Болот Шер каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер Каза болду. Бул тууралуу анын бир тууганы Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Фейсбук баракчасына жазды.

Болот Шер 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

“Баатырыбыз дагы, асылыбыз дагы Бокемден айрылып калдык… Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11 де өтөт”,- деп жазган эл өкүлү.

Болот Шер үчүнчү ирет инсульт алып, Улуттук госпиталда жатканы маалымдалган.

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 1959-жылы Таласта Манас районундагы Чоң-Капка айылында туулган.

Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Болот Шердин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Exit mobile version