Site icon Reporter.kg

Коомдук ишмер Мырза Добутов жол кырсыгынан каза болду

Коомдук ишмер, меценат Мырза Добутов Орусияда жол кырсыгынан каза болду. Маалыматты анын жакындары кабарлады.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, 7-декабрь күнү Смоленск облусундагы автожолдо  “КИА Рио” үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1970-жылы туулган  “КИА Рио”  унаасынын айдоочусу, алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Маркумдун жакындары кырсыкка кабылган унаада Мырза Добутов болгондугун ырасташты.

Ал акыркы жылдары үй-бүлөсү менен Смоленск облусунун Тула шаарында эмектенип келген.

Мырза Добутов Коомдук телерадио корпорациясында оператор, алып баруучу болуп эмгектенген.

2006-2007-жылдары “Баткен ТВда” башкы редактор болгон.

Мындан сырткары жарандык активист катары бир катар коомдук иштерге активдүү катышып келген.

Ал жубайы менен биргеликте  үч уул, бир кызды тарбиялап жаткан.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты  Мырза Добутовдун  үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

Exit mobile version